Жаңы жылда Бишкек шаарынын коомдук транспорту кадимки режимде иш алып барат. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 31-декабрынан 2015-жылдын 1-январына караган түнү саат 00:00дөн тарта муниципалдык автобустар жарандарды "Ала-Тоо" аянтынан конуштарга жеткире баштайт. Бул түнү жарандар төмөнкү даректерге жете алышат:
1. "Ала-Тоо" аянты – 12-кичи район, Асанбай кичи району;
2. "Ала-Тоо" аянты – Ала-Тоо конушу;
3. "Ала-Тоо" аянты – Тынчтык конушу;
4. "Ала-Тоо" аянты – Ак-Босого конушу;
5. "Ала-Тоо" аянты – Туңгуч кичи району;
6. "Ала-Тоо" аянты – "Аламүдүн-1" кичи району.
Ал эми троллейбустар №4, №10, №7 жана №9-маршруттар менен каттайт.