Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башкы эсепчиси жумуштан кетиши керек. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрь күнү маалымат жыйыны учурунда Качкын Булатов билдирди.
Анын айтымында, аталган башкармалыктын башкы эсепчиси Жеңишбай Бекиев “Кыргызгазда” иштеп жүргөндө пара алып жаткан жеринен кармалган. Ош шаардык соту ага 3 эсе айып салган.
“Бул адам муфтиятта иштебеши керек. Ушундай адам иштесе, алар кантип руханий дүйнөнүн тазалыгы үчүн күрөшө алышат? Ачыктык жок, миллиондор кыскартылып жатат”,- деди Булатов.