Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына эл акыны Алыкул Осмоновдун ысымы ыйгарылды. Бул чечим КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Кыргыз Республикасынын чыгаан ишмерлеринин атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия тарабынан 5-декабрь күнү кабыл алынган. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда китепкананын басма сөз кызматынан билдиришти.
“Алыкул Осмоновдун чыгармалары Кыргызстандын алтын фондуна киргизилген, ал кыргыз элинин чыгаан акыны. Акындын эстелиги КРнын Улуттук китепканасынын имаратынын алдына тургузулган. Көптөгөн өлкөлөрдө Улуттук китепканалар өз өлкөсүнүн чыгаан акындарынын жана жазуучуларынын атын алып жүрөт” деп айтылат маалыматта.