Бүгүнкү күндө жашы жете элек кыздарды зордуктоо фактылары артып жана окуучу кыздардын ар түрдүү терс кадамдарга барып жаткандыгына байланыштуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгы шаардагы бардык мектептерде уюшулган кыздар кеңеши күчөтүлгөн тартипте иш алып баруусун талап кылды. Бул боюнча аталган башкармалыкка караштуу мектептердин жетекчилерине билдирилди. Муну Билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда ар бир окуучу кыз боюнча толук маалыматтар алынып, сабактан тышкары эмне менен алек болору жана үй-бүлөлүк абалы боюнча маалымат топтоо зарылчылыгы айтылды.
Кошумчалай кетсек, жакында Ошто 8-класстын окуучуларынын зордукталганы тууралуу маалымат тараган. Аталган башкармалык кабарлагандай, ал кыздар башка районго караштуу мектептерде окуганы аныкталды.