2014-жылдын ноябрь айынын аягына карата расмий катталган жумушсуздардын саны 58,4 миң адамды түзүп, 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 0,9 пайызга азайды. Бул тууралуу 16-декабрда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, орточо эмгек акынын реалдуу өсүшү 2014-жылдын январь-октябрында 1,5 пайызды түздү. Номиналдык туюнтууда орточо айлык акы 12 984 сом деңгээлинде түзүлдү.
Ал эми тышкы соода жүгүртүү, алдын ала маалыматтар боюнча, 2014-жылдын январь-октябрында 5 809,1 миллион АКШ долларын түзүп, 2013-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 3,7 пайызга азайды. Анын ичинде экспорт 1 264,7 миллион АКШ долларына, импорт 4 544,4 миллион АКШ долларына барабар болгон.