Көмөк чордондорундагы жана аба чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн, 17-декабрда Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Жунусалиев көчөсүндөгү №80, 82-көп кабаттуу үйлөрдө, саат 12:00дөн 15:00гө чейин Элебесов, Витебская көчөлөрүндө, Дордой конушунда (ат-спорт мектеби жана кургак учукка каршы ооруканада) жогорку чыңалуудагы 110/35/10-6 кВт “Карагачевая” көмөк чордонундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.
Ошондой эле саат 12:00дөн 17:00гө чейин Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча (Киргизская, Новая, Коллекторная, Логвиненко, Панфилов көчөлөрүндө) айылында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Андан сырткары Жайыл районуна караштуу Кара-Балта (Центральная, Кожомбердиев, Крылов, 8-Март көчөлөрүндө, Садовая тар көчөсүндө, “Эркин” базарында) шаарында, Орто-Суу айылында “Карагачевая”, “Кара-Балта”, “Жайыл” көмөк чордондорунан тараган 10 кВт аба электр чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт.