Бүгүн, 17-декабрда Нарын шаарында электр энергиясынын кымбатташына каршы митинг өтөт. Бул тууралуу өздүк булактарыбыз кабарлады.
Алынган маалыматка таяна турган болсок, бул күнкү митингдин катышуучулары тоолуу Нарын жеринде жаңы тарифти өзгөртүп, 1 айга деп эсептелинген 700 киловатт-саатты 1000ге чейин жеткирип берүүнү суранышат. Анткени Нарында абанын температурасы учурда 25 градустан төмөн боло элек. 700 киловатт-саат болсо Нарын жергесинде болгону 1-2 аптага жетет. Нарында бул көрсөткүчтөн бат эле ашып кетүүгө болот. Бирок элдин 3 фазаны колдонуп, 700 киловаттан ашканына 2 сом 5 тыйындан төлөөгө шарты жок экенин белгилейт өздүк булак.