"Орусиядагы саясий элитанын ичинде "Орусия мигранттарсыз жашай алат" деген жаңылыш пикир жүрөт",- деди бүгүн, 17-декабрда Орусия Кеңешинин эл аралык иштер боюнча адиси Владимир Малахов.
"Мени орусиялык басылмаларда мигранттар терс жагынан көрсөтүлгөндүгү өкүндүрөт. "Мигранттар - кылмышкерлер, оорулардын таратуучулары" деген маалыматтар аларга карата коомчулуктун арасында жакшы мамилени жаратпайт. Мындан тышкары мигранттардын катышуусунда курч окуялар орун алганда саясатчылар көйгөйдүн себебин аныктагандын ордуна популисттик сөздөрүн айтып кутулушат",- деди адис.