Баткен районунун Чарбак, Таян айылдарын суу менен жабдуу системинин курулушу аяктады

Республикалык бюджеттин эсебинен (“Капиталдык салымдар” беренеси боюнча) Баткен районунун Чарбак, Таян айылдарын суу менен жабдуу системинин курулушу аяктады. Аталган объекттин курулушу 2013-жылы башталган. Бул тууралуу 17-декабрда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда объекттин долбоордук-сметалык наркы 37,8 миллион сомду түзөт. Былтыр бюджеттен капиталдык салымдардын эсебинен 16,4 миллион сом бөлүнгөн. 

2014-жылы бекитилген мамлекеттик курулуштардын жана объекттердин тизмегине ылайык Чарбак, Таян айылдарын суу менен жабдуу системинин курулушун бүтүрүүгө 21,4 миллион сом көлөмүндө каражат каралып, Турак жай-жарандык курулуш департаментине толугу менен бөлүнүп берилген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан