Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында 16-декабрда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин 20 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын болду. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чараны Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов ачып, гербдин кабыл алынышы кыргыз эли үчүн абдан маанилүү күн экенин белгиледи. Жыйында КРнын Президентинин аппаратынын жетекчиси Д.Нарымбаев, Жогорку Кеңештин вице-спикери Ч.Султанбекова, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Э.Сариева чыгып сөз сүйлөштү.
Салтанаттуу жыйын Кыргыз драма театрынын, Улуттук филармониянын артисттери тарабынан даярдалган ири концерт менен коштолду.
Герб – Кыргыз Республикасынын расмий мамлекеттик символу. А.Абдраев жана С.Думанаев тарабынан иштелип чыгып, 1994-жылы 14-январда Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген.