Ош мамлекеттик университетинин стоматология адистигинин студенттери “Жаштык деми” аттуу конференцияда илимий баяндамаларын жасашты. Конференция университеттин 75 жылдык, медицина факультетинин 20 жылдык мааракесине арналган.
Аталган иш-чарага ОшМУнун илим жана аспирантура бөлүмүнүн өкүлдөрү, медицина факультетинин деканы, факультеттин илимий иштер боюнча деканынын орун басары, кафедра башчылары, окутуучулар жана студенттер катышты. Конференциянын жүрүшүндө 17 студент өздөрү билим алып жаткан адистикке байланышкан илимий баяндамаларын жасашып, ой-пикирлерин айтышты. Жыйынтыгында мыкты баяндама жасаган студенттер сертификат, дипломдор менен сыйланышты.