Оштогу медициналык окуу жайда 3-курста тиш дарыгери адистиги боюнча билим алып жаткан Бахтияр Байбулатов косметология жаатында бир нече ачылыштарды жасады. Учурда Бахтияр беттеги бырыштарды, безеткилерди кетирүүчү табигый чөп, өсүмдүктөрдүн негизинде жасалган “Мадина” аталышындагы бет майларын жана чач түшүүгө каршы суюктук ойлоп тапкан. Ошондой эле студент азыркы тапта “Мадина 4” аталышындагы тери рагына каршы дарынын үстүндө иштеп жатканын айтты. Бул туурасында жана башка ийгиликтери жөнүндө бүгүн, 17-декабрда SUPER.KG порталына Бахтияр Байбулатов төмөнкүлөрдү билдирди.
- Косметологияга качантан баштап кызыга баштадыңыз эле? Бул багытта эмгектерди жаратууга эмне түрткү болду?
- Мектепте жогорку класстарда окуп жүргөн кезимде эле косметологияга кызыкчумун. "Сулуулук дүйнөнү сактайт" демекчи, мен да кыз-келиндер, эже-карындаштар, апаларыбыздын сулуу болушун каалайм. Сулуулукка ар бир жан суктанат эмеспи. Анын үстүнө бет терисинин көйгөйлөрү менен күрөшкүм келди. Ошол эле бырыштарды, безеткилерди кетире турган каражаттардын керек экенин түшүндүм. 11-класста окуп жүргөндө беттеги бырыштарды кетирүүчү масканы ойлоп таптым. Аны жасоого 3 ай убакыт короттум. Масканын курамын, анын концентрациясын аныктоого көп убакыт кетти. Анын үстүнө ал масканын курамына кирүүчү айрым чөптөрдү күзгө маал гана колдонууга болот. Анын негизги курамына сүт кирди, себеби анын курамында лактоза, глюкоза бар. Андан сырткары толокнянка, ряска (суу котур - майда жалбырактары суунун бетинде калкып турган балырдын бир түрү) жана башка чөптөр кошулган.
Өзүмдүн жалгыз эле карындашым бар, аны карындашымдын ысымы менен "Мадина" деп атадым. Баары даяр болгондо, аны тестирлөөдө менде коркунуч сезими пайда болду. “Бетин бузуп алсамчы...” деп өзүмө ишенбей, бир топко кыйналдым. Акыры аны тааныш эжемдин жана апамдын бетине бир жума койдук, жыйынтыгы кубантарлык болду. Аны тааныш эжелер да колдонуп көрүп, ал жакшы жыйынтык берди. Анан өзүмө ишенип, 2013-жылы беттеги безеткилерди жана алардан калган тактарды кетирүүчү лосьондун үстүндө иштей баштадым. Аны жасоого 13 күнүм кетти, анын курамына да 100 пайыз табигый дары чөптөр кирди. Алардын баары тоолордо, дарыялардын жээктеринде өсөт.
- Учурда эмне менен алектенесиз, дагы кандай дарылык каражаттарды чыгарууга кам көрүп жатасыз?
- Буга чейин чыккан “Мадина 1, 2” аталыштагы маска, лосьонду эффективдүү каражаттардын катарынан орун тапты десем жаңылышпайм. Учурда “Мадина 3” деген чач түшүүгө каршы дары даярдап жатам. Аны өзүмдүн чачыма да коюп көрдүм, жыйынтыгы мен күткөндөй, жакшы чыкты. Буюрса, жакын арада аны тестирлөөдөн өткөрөм. Ошондой эле баштапкы баскычындагы теринин рагына каршы дарынын үстүндө иштеп жатам. Ал 2015-жылдын жай айларында даяр болуп калат. Эгер анын жыйынтыгы ийгиликтүү болсо, ал чоң ачылыш болот деп ойлойм.
- Бул дарылык жана косметикалык каражаттарды чыгарууга атайын лаборатория керек го, сиз аларды кай жакта жасайсыз?
- Туура айтасыз, ага атайын лаборатория керек. Бирок менде аларды лабораторияда жасап же аны ачууга азырынча мүмкүнчүлүк жок. Ал дарылык каражаттардын баарын өз үйүмдө жасайм. Ал үчүн ата-энем үйдөгү бир бөлмөгө тиешелүү шарттарды түзүп берген. Анын ичи толугу менен караңгыланган. Себеби лосьон жана бет майлардын кошулмалары караңгы жерде сакталышы керек.
- Келечекте деле ушул багытта эмгектенип, жаңы ачылыштарды жасайын деген ниеттесизби?
- Чынын айтсам, келечекте өзүмдү пластикалык хирург катары көрөм. Бул адистик боюнча жогорку билим алууну көздөөдөмүн. Айта кетчү нерсе, учурда чыгарган каражаттарыма лицензия ала албай жатам. Аны алууга акча каражаты, тааныш-билиш керек экен. А мен студентмин, тааныштарым да жок. Лицензия алсам, чыгарган дарыларымды дарыканаларга сатууга коюп, ал баары үчүн жеткиликтүү болот эле. Келечекте чоң ишкана ачып, ал дарылык каражаттар Кыргызстандын атынан сыртка сатыкка чыкса деп кыялданам. Алдыга койгон максаттарым көп, азыр 20 гана жаштамын, буюрса, баары жакшы болот деп ойлойм.
- Мындай ачылыш, ийгиликтерди жаратып жаткан сизге чет элдиктерден бирге иштөөгө сунуштар түшсө керек?
- Ооба, анысы да бар. Ойлоп тапкан дары каражаттарын чыгарганым тууралуу уккан чет элдиктерден сунуштар көп түшүүдө. 11-класста окуп жүргөндө математикалык жадыбалды жаңы ыкма менен эсептеп чыккан болчумун. Ал тууралуу маалымат Түштүк Финляндиядагы абройлуу окуу жайлардын бирине жетиптир. Окуу жайдын өкүлчүлүгү мени менен байланышып, окууга чакырып, алардын окуу жайынын атынан ойлоп тапкан ыкмамды жарыялоону сунуштаган. Андан сырткары Тажикстандагы Түштүк Кореянын клиникасынан практика өтөөгө чакыруу түштү. Ошондой эле бюджеттик окуу жайларда окууга сунуштар болуп жатат. Бирок ал сунуштардын баарынан баш тартып жатам. Анткени мен мекенимден кетким келбейт жана Кыргызстандын атынан гана чыгам.
Косметикалык каражаттарды чыгаруу менен алектенген студент окуган университетте эмгектенген Абсамат Саттаров төмөнкүлөрдү айтты:
- Бахтияр жасаган безеткилерге каршы лосьонду былтыр балама алып бергем. Анын бетинде безетки көп болуп кеткен. Ал лосьонду колдонуп баштагандан кийин безеткилер азайган. Анан тааныш-билиштерден студентибиз жасаган дарылык каражаттар жардам бергенин жана эффективдүү экенин көп угам. Жакында ал мага теринин рагына каршы дары жасап жатканын айтты. Учурда мен ал дары канчалык деңгээлде жардам берип, кандай эффект берет болду экен деп, анын чыгышын чыдамсыздык менен күтүп жатам.
Ал эми врач-дерматолог, косметолог Айнура Сагынбаева үй шартында жасалуучу косметикалык каражаттарды массалык түрдө чыгаруу үчүн алар тиешелүү шарттарга жооп бериши керектигине токтолду.
- Үй шартында жасалуучу косметика Орусияда кеңири тараган. Ал жакта үй шарттарында бет майларын, ар түрдүү самындарды жасап саткандар көп кездешет. Анын курамында кымбат баалуу аралашмалар болгондуктан, анын баасы да жогору. Бирок аны массалык түрдө сатуу үчүн бир катар тиешелүү документтер керек. Анын үстүнө ал косметикалык же дарылык каражаттар тиешелүү шарттарга жооп берүүгө тийиш. Аларды сатыкка чыгаруу үчүн анын илимий базасы болушу зарыл. Ар бир адамдын териси ар башка, биринин терисине жаккан бет май башка адамдын терисине жакпашы мүмкүн. Ошол себептен улам өлкө аймагына чет жактан келген косметикалык каражаттар атайын текшерүүдөн, лабораториялардан тестирлөөдөн өтөт. Эгер Кыргызстанда андай каражаттарды массалык түрдө чыгарууну каалагандар болсо, алар ал каражаттарды каттоочу мекемелерге кайрылуусу керек. Айта кетчү нерсе, бырыштарды бет майлар кетирбейт, ал адамдын мимикасынан көз каранды болот. Ал бырыштардын алдын алууга гана болот. Учурда аларды ар кандай таблеткаларды ичүү менен жок кылуу жолдору табылган. Алардын курамы да ар кандай чөптөрдүн негизинде жасалат. Мисалы, толокнянка, ромашка сыяктуу өсүмдүктөрдүн кошулмасы бетке жакшы таасирин тийгизет. Бет майларда сүттү колдонуу жакшы, бирок анын курамындагы баалуу заттарды сактоо үчүн ага консерванттар кошулушу керек.
Эгер бизде Кыргызстанда косметикалык каражаттарды жасап чыгара турчу адистер чыкса, мен ал жаңылыкты сүйүнүч менен кабыл алам.