Жалал-Абад шаарындагы мекеме-ишканалардын арасында өз имараттарын жаңы жылдык маанайда кооздоо боюнча сынак өткөрүлөт

Жаңы жылга карата Жалал-Абад шаардык мэриясынын “Жаңы жыл майрамына даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү” буйругуна ылайык, шаар аймагында жайгашкан мекеме-ишканалардын арасында өз имараттарын жаңы жылдык маанайда кооздоо боюнча сынак өткөрүлөт. Бул сынакта көрнөк-жарнактардын мазмунуна, кооздугуна көңүл бөлүнүп, тартылган сүрөттөрдүн эстетикалык табити, кооздуктарына баа берилет. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. 

Маалыматка ылайык, шаар аймагына жаңы жылдык маанай тартуулоо жана имараттардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу максатында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрүнө атайын белектер, акчалай сыйлыктар каралган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан