Эртең, 18-декабрда Бишкек шаарында курман болгон кыргызстандык мигранттарды эскерүү флешмобу өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чараны Миграция уюштуруу боюнча эл аралык миссия бейөкмөт уюмдар, волонтёрлор жана студенттер менен биргеликте өткөрүшөт. Анын жүрүшүндө асманга 650 ак жана кызыл түстөгү аба шары учурулмакчы. Уюштуруучулардын айтымдарында, ак түстөгү аба шарларынын саны акыркы 2 жылдын ичинде чет өлкөдө каза тапкан кыргызстандык мигранттардын санына барабар болот. Ал эми кызыл түстөгүлөр адам сатуудан жапа чеккендерге арналат.
Айта кетсек, аталган акция саат 11:00дө эски аянтта өткөрүлөт.