Жаңы жыл алдында Жалал-Абад шаарынын ичине үч балаты орнотулууда. Алардын бири борбордук "Эркиндик" аянтына орнотулуп, бийиктиги 16 метрди түзөт. Ал эми калктуу конуш катары саналган Спутник аймактык башкармалыгына бийиктиги 9 метр балаты жана Тайгараев аймактык башкармалыгына 8 метр балаты орнотулууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, балатыны түнкү жарык берүү менен жасалгалоо иштери аяктап, бүгүндөн баштап борбордук аянттагы балаты түнкүсүн шаарга кооздук тартууламакчы. Шаардагы коммуналдык чарба департаментинин директору Акылбек Нуркуловдун айтымында, шаар бюджетинен жаңы жылдык жасалгалоо жана балаты орнотуу иштерине 480 миң сом акча каражаты каралган. Балаты Токтогул районунун Чычкан тоосунан алынып келинген.