Бишкектеги тез тамак-аш берүү кызматынын ашканасында келемиш жүргөн. Бул тууралуу видеону бүгүн, 17-декабрда активист
Айбек Баратов интернетке жарыялады.
Видеодон келемиштин сыртта тасмага тартып жаткандарды көзгө илбей, тамак-аш даярдалган столдун үстүнөн тамак издеп ары-бери чуркап жүргөнүн байкоого болот. Ашкананын ичинде кызматкерлер байкалбаганынан улам "же иш күн эмес, же түн ичинде тартылган видео" деген ойго келесиң. Видеодон кайсы тамак-аш берүүчү жай экенин аныктоо кыйын. Видеону көргөн интернет колдонуучулары "Рататуй" аттуу белгилүү мультфильмдеги башкы каарманды эстеп, видеону ошол мультфильмдеги музыка менен коштоп, тамашалоого жетишишти. Анда башкы каарман келемиш мыкты ашпозчу катары сыпатталат.