Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында маал-маалы менен электр жарыгы өчүрүлөт

Аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу 18-декабрда Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Будённый көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки Чоң Чүй каналы, Жибек Жолу, Салиева көчөлөрүндө, Көк-Жар (Көк-Жайык, Арстанбап, Ахунбаев көчөлөрү), Бакай-Ата, Арча-Бешик (түштүк-батыш бөлүгүндө) конуштарында электр чубалгылары оңдолгонуна байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Аламүдүн (Чугуев, Панфилов, Горький, Чернышевский, Гоголь, Кавказский Тупик, Набережная, Школьная, Логвиненко, Алматы көчөлөрү), Төмөнкү Ала-Арча, Маевка (Родниковая, Южная, Ала-Арча, Кара-Суу, Түлөбердиев, Виноградная, Сельская, Садовая, Совхозная, Набрежная көчөлөрүндө) айылдарында, Жайыл районуна караштуу Новониколаевка (Западная, Киров, Школьная, Фрунзе, Пушкин, Автомобилисттер, Черёмушка, Южная, Крупская, Новосадовая, Кыргыз көчөлөрү) айылында жарык өчөт.

Саат 12:00дөн 16:00гө чейин Сокулук районуна караштуу Сокулук (Полярная, Ысык-Көл, Садовая, Фрунзе, Кайназарова, Восточная, Интернациональная, Ош, Пионер, Биринчи Май, Почта, Достук, Тынчтык, Ала-Арча, Ленин, Калинин, Октябрь көчөлөрү), Национальное, Панфилов, Белек, Жыламыш, Асылбаш, Төш-Булак, Биринчи Май, Саз, Белогорка, Студенческое, Комсомол, Ысмайыл, Маловодное, Новое, Кара-Сакал, Военно-Антоновка айылдарында электр чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан