Ош. Окутуу өзбек-орус тилинде жүргүзүлгөн мектептин окуучулары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын сахналаштырып беришти

Бүгүн, 17-декабрда Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу Х.Абдуллаев атындагы окутуу өзбек-орус тилинде жүргүзүлгөн мектепте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналып даярдалган адабий-музыкалык кече болуп өттү. Бул тууралуу аталган башкармалыктан кабарлашты.  

Маалыматка ылайык, жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөр аткарылып, окуучулар тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсү уюштурулду. Ага шаардык кеңештин депутаты Шавкат Кенжебаев катышып, студент кезинде улуу жазуучунун үйүндө болгонун, жашоосу жөнүндө көргөн-билгендерин айтып берди. 

Иш-чара Билим берүү башкармалыгы тарабынан Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата мектептер үчүн түзүлгөн графиктин негизинде өткөрүлдү. Ага аталган башкармалыктын кызматкерлери, аймактык кеңештин жана ата-энелер комитетинин өкүлдөрү катышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KIPCHAK-KALMAK
2014-12-17 19:11:36
Ушул мектептин атында озгортуп койушса жакшы болмок Хабиб Абдуллаев мектебин
+1
iskra77
2014-12-18 01:52:17
Озбек тилин таптакыр жоюп салса эмне болот?
0
amanatym
2014-12-18 15:50:23
озбек тилинин бизге эмне кереги бар?!Озбекстанда кыргыз мектеп бар бекен. Озбек мектебин жаап салса жакшы го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан