Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт учурунда куткаруу иштерине катышкан милиция кызматкерлери сыйланышты

Бишкек шаарында көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт учурунда куткаруу иштерине катышып, кызматтык милдеттерин аткарууда каармандык көрсөткөн борбордогу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу 17-декабрда шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, сыйлыкка Өзүбеков Айбек, Исаков Алмазбек, Саякбаев Бакай, Амракулов Ильязбек, Сыдыков Саламат, Арсыматов Эраалы, Алымов Таалайбек татыктуу болгон. Жогоруда аталган райондун башчысы Аскербек Алиев сыйлыктарды тапшырып жатып укук коргоо органдарына ыраазычылык билдирди. 
Эске салсак, 12-ноябрдан 13-ноябрга караган түнү Бишкек шаарындагы көп кабаттуу турак үйлөрдүн биринин жер төлөсүндө өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 6 жеңил унаа толугу менен күйүп, өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 11 адам куткарылып, анын ичинен 2 адам шаардык ооруканага жеткирилген. Андан сырткары 30 адам эвакуацияланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sungjinsystem
2014-12-17 18:10:16
Азаматсынар! Биздин милиция бизди коргойт.
0
ALIK-BRO
2014-12-17 20:26:47
Эмгектерин бааалап койгонунар жакшы иш болуптур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан