Ош шаарында Бешинчи элдик курултайдын алкагында көргөзмө-жарманке уюштурулду

Кечээ, 17-декабрда Ош шаарында элдик курултай болуп өттү. Жыйында Ош шаарынын жергиликтүү коомчулугунун уставынын долбоору талкууланды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда шаар тургундары Ош шаардык мэриясына жана шаардык кеңешке өз сунуштарын билдирүү мүмкүнчүлүгүн алышты. Бул курултайдын алкагында көргөзмө-жарманке уюштурулуп, ага бардык аймактык кеңештер жана өнөр жай ишканалары өздөрүнүн продукцияларын алып келишкен. Жарманкеге азык-түлүктөрдүн, өнөр жай продукцияларынын, элдик, чыгармачылык, прикладдык искусствонун жана кол эмгектердин 30дан ашуун үлгүлөрү коюлган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан