Нарын шаарында Жаңы жылга карата кооздоо иштери кызуу жүрүп жатат. Учурда шаардын аймагында 2 балаты орнотулду. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына бүгүн, 18-декабрда Нарын мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, балатынын бири Нарындын борбордук аянтына орнотулуп, бийиктиги 15 метрди түзсө, 10 метр келген балаты стадиондо орнотулду. Ошондой эле шаардын көрүнүктүү жайлары Жаңы жылга карата жасалгаланып, мамлекеттик мекемелер арасында өз имараттарын кооздоо боюнча атайын сынак жарыяланды. Сынактын жыйынтыгы 23-декабрда жыл мыктыларын аныктоого багытталган иш-чаранын алкагында чыгарылып, мэрия жана шаардык кеңештин берген баасы боюнча жеңүүчүлөр аныкталат.