Нарын шаарында мэрдин балатысы 25-декабрда өткөрүлөт. Ага шаардагы 8 мектепте окуган алдынкы окуучулар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Мындан тышкары мэр төрөт үйүндө, карылар үйүндө, калыпка келтирүү борборунда болуп, бул жайларда жаңы жылдык белек тапшырат.