Кечээ, 17-декабрь күнү УКМКнын Терроризмге каршы борборунда Мекемелер аралык координациялык комиссиянын 9-жыйыны өттү. Ага Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан, Коргоо кеңешинен, терроризмге каршы күрөшкөн мекемелердин өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 18-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, жыйында эл аралык террористтик жана диний-экстремисттик уюмдардын Кыргызстанга тийгизген таасири талкууланды. Ошондой эле диний-экстремисттик сайттарды жабуу чечими кабыл алынды.