Бүгүн, 18-декабрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда "Жаңы жылдык белек" деген аталыштагы көргөзмө-жарманке башталды. Жарманкеге белектер, азык-түлүктөр, үй буюмдары, кийим-кечелер коюлду. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жарманке 22-декабрга чейин уланат.