Бишкектеги аялдамаларга тизиле токтогон таксилер коомдук унаанын жүргүнчүлөрүнө ыңгайсыздык жаратууда

Бишкек шаарынын аялдамаларында баш аламан токтотулган таксилер коомдук унаалардын жүргүнчүлөрү үчүн ыңгайсыздыктарды жаратууда. Мындай көрүнүш өзгөчө саат 18:00-20:00 чамасында, шаардын тургундары жумуштан чыккан маалда күчөйт. Жол эрежеси боюнча, коомдук унаалардын аялдамасын таксилер ээлеп алгандыгы эреже бузууга тете болсо да, ал козөмөлгө алынбай келүүдө.

Тынчтык жана Чүй кең көчөсүндө жайгашкан аялдамага күн кур эмес 7-8ден такси кызматын көрсөтүүчү унаалар тизилип туруп алышат. Ошол себептен улам жүргүнчүлөр маршруттук таксиге түшүү үчүн жолдун экинчи катарына чыгууга аргасыз болууда. Ал эми айрым айдоочулар унааларын аялдамага токтотуп, "аварийкасын" күйгүзүп коюп өз иштери менен кирип кеткен учурлар да бар. 

Бул сыяктуу көрүнүш борбордогу бир катар аялдамаларда байкалууда. Улуттук филармониянын, Улуттук илимдер академиясынын, Юридикалык академиянын аялдамасында, Киев-Орозбеков көчөлөрүндөгү, ал эми "Ош базарынын" айланасында жайгашкан аялдамаларда бул сыяктуу көрүнүш ар дайым өкүм сүрүп турат.

Жол эрежеси боюнча, таксисттерге аялдаманы ээлеп турууга болбойт. Бул жагдайды жоюу үчүн бир катар иштер жүрүүдө. Жол-кайгуул кызматкерлери бир аялдаманы иретке келтиргиче, экинчи аялдамага таксилер толуп кетет. Алар биздин кызматкерлерден качып кутулуп кетип жатышат. Мындай эреже бузууга 1000 сом айып салынат. Эреже бузуп кармалган таксисттер “Биз үчүн атайы токтотуучу жай болбосо эмне кылалы, кайсы жакка токтошубуз керек?” деген сыяктуу суроолорду беришет. Учурда Жол-кайгуул кызматы, шаардык мэрия жана тиешелүү мекемелер менен биргеликте таксилер үчүн атайын токтотуучу жай ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, жол эрежесин таксисттер эле эмес, коомдук унаанын айдоочулары да одоно бузушууда”,- дейт ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан