16-18-декабрь күндөрү Токмок шаарында "Кыргызстанда этникалар аралык ынтымакты орнотуу жана тынчтыкты куруу” аталышындагы тренингдер өтүп жатат. Бул тууралуу уюштуруучу "PEACE" ("Тынчтык") долбоорунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган окуулардын жүрүшүндө катышуучулар интерактивдүү оюндар жана талкуулар аркылуу тынчтыкты түзүү боюнча билимин жогорулатышууда. "PEACE" долбоору улуттар жана диндердин ортосундагы чыңалууну төмөндөтүүгө багытталган.
Бишкекте бул тренингдер 19-21-декабрда өтөрү пландалууда.