18-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 810 миллион метр кубду түзүүдө. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу сактагычка учурда секундасына 135 метр куб суу агып кирсе, 2013-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 190 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 689 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 664 метр куб болгон.
Эске салсак, өткөн жылы 18-декабрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 14 миллиард 118 миллион метр кубду түзгөн.