Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багында жарыктандыруу системи жаңыланды

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багында жарыктандыруу системи жаңыланды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.   

“Эс алуу багындагы жарыктандыруу системин жаңылоо иштери жогорку дегээлде жасалды. Азыркы тапта сейил бактын ички аймагы гана жарыктандырылды, учурда сейил бактын сырткы аймагындагы айрым жерлерди жарыктандыруу иштери калууда. 2015-жылга шаардык бюджетке бекитилчү каражаттын эсебинен сейил бактын сырткы аймагы да жарыктандырылат”,- деди Ош шаарынын вице-мэри Кутманалы Абдырахман уулу.

Маалыматка ылайык, жалпысынан сейил бактын ичинде 1056 метр жер жарыктандырылып, 46 жаңы тирегич жана 65 жаңы лампа орнотулду. Бул иштерге сарпталган каражаттар жергиликтүү бюджеттен каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан