Бүгүн, 18-декабрда 2015-жаңы жылдын алдында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы Республикалык дүлөй балдардын адистештирилген жалпы билим берүүчү жатак-мектебинин тарбиялануучуларын куттукташты. Бул тууралуу аталган штабдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Генералдык штабдын өкүлдөрү мектептин кенже классынын балдары үчүн уюштурулган майрамдык иш-чарага катышышты. Ушул жылы жатак-мектепке 180 жаңы жылдык белек камдалган, ал эми бардык окуучулардын саны 360ка барабар.