Социалдык өнүгүү министрлиги жана БУУнун айымдары биргеликте 2015-жылы III элеттик аялдардын республикалык конференциясын өткөрөт. Бул тууралуу министр Кудайберген Базарбаев БУУнун өкүлү Сабина Махль менен жолугушууда билдиргенин мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
"Биз эки жолу элеттик аялдардын конференциясын өткөрдүк. Биринчи жолу 2013-жылы Баткенде, экинчиси ушул жылы Нарында өттү. Мындан сырткары Кыргызстан үй-бүлөдөгү зомбулук менен күрөшүү боюнча долбоор жазып, 700 миң доллар грант утуп алды. Муну менен биз жарандык сектор менен иштешүүнүн жаңы деңгээлине чыга алабыз",- деди Кудайберген Базарбаев.
Өз сөзүндө Сабина Махль грант алуу маанилүү жышаан экенин белгилеп өттү. "Биринчи жолу бейөкмөт уюм мамлекет менен биргеликте ушундай грант алып отурат. Өзүңөр билгендей, үй-бүлөдөгү зомбулук өлкөнүн өнүгүшүнө таасирин тийгизерин иликтегенбиз",- деди ал.