Бүгүн борбор калаада студенттер жарыкты үнөмдөөгө багытталган акция өткөрүшөт

Бүгүн, 18-декабрда борбор калаадагы Бишкек гуманитардык университетинин студенттери жарыкты үнөмдөөгө багытталган акция өткөрүшөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Жалпы кыргызстандыктарды электр жарыгын үнөмдөөгө чакырган иш-чаранын уюштуруучулары: "Кыргызстандын активдүү жаштары "Жарыкты үнөмдөгүлө" аталышында акция өткөрүүнү чечтик. Энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү билебиз. Бул акция менен жарыкты үнөмдөө маанилүү иш экенин көрсөткүбүз келет",- дешет.
Маалыматка караганда, акция жогоруда аталган окуу жайдын жатаканасы жайгашкан борбордогу 7-кичи райондо өтөт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан