Мырзаке Кара-Кулжа Алайкуу унаа жолу толук ачылды

Кечээ, 18-декабрда кар көчкүдөн улам тосулуп калган Мырзаке  Кара-Кулжа  Алайкуу унаа жолу толук ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, унаа жолду тазалоо иштерин ЖЭМ-26дан 1 жүктөгүч, 1 бульдозер жүргүзгөн.

Эскерте кетсек, кечээ саат 17:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда, Мырзаке  Кара-Кулжа Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында болжол менен 1600 куб метр кар көчкү түшүп, унаа жолун тосуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан