Борбор калаадагы Бишкек гуманитардык университетинин студенттери 18-декабрда жарыкты үнөмдөөгө багытталган акция өткөрүштү. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКнын басма сөз кызматынын адиси
Бегимай Төрөбаева билдирди.
Жалпы кыргызстандыктарды электр жарыгын үнөмдөөгө чакырган иш-чара жогоруда аталган окуу жайдын жатаканасы жайгашкан борбордогу 7-кичи райондо орун алган. Анда студенттердин жатаканасында жарык өчүрүлүп, айрым бөлмөлөрдө жарык күйүп турган. Саат 20:00дөн 21:00гө чейин жарык күйүп турган бөлмөлөрдөн "Жарыкты үнөмдөйлү" ("Берегите свет") деген жазууну көрүүгө болот.