Түркиянын Дин иштери боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Ошко иш сапары менен келди

Түркия Республикасынын Дин иштери боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, доктор Экрем Келиш Ошко иш сапары менен келди. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда облустук казыяттын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, доктор Экрем Келиш Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов жана бир катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн коштоосунда бүгүн "Сулайман-Тоо" мечитине зыярат кылып, жамаат менен бирге жума намазына катышты. Жума намаздын алдында ал жамаатка Түркия мусулмандарынын жамаатынын саламын айтып, “Ислам - тынчтыктын дини” аттуу темада баян курду. Доктор Экрем Келиш эртең, 20-декабрда Ош мамлекеттик университетинде боло турган “Исламда ай көрүү” деген аталыштагы конференцияга катышмакчы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан