Дем алыш күндөрү Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Аба чубалгыларындагы жана көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу эртең, 20-декабрь жана 22-декабрь күндөрү Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.    

Маалыматка ылайык, 20-декабрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин жогорку чыңалуудагы 110/35/10 кВт “Орто-Алыш” көмөк чордонунда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт.

Ошондой эле 22-декабрь күнү саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Кулатов, Элебаев көчөлөрүнүн барчасында №33-көмөк чордонду оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Андан сырткары Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан, Татыр, Чуңкурчак айылдарында “Стрельниковой” көмөк чордонунан тараган 10 кВт аба электр чубалгысын оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. 

“Түндүк электр” ишканасы жумуш учурундагы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн аталган аймактын тургундарынан алдын ала кечирим сурайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан