Бишкекте "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын талаптарын аткарбаган жарнактар алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик тил комиссиясы бүгүн, 20-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган комиссия Бишкек мэриясынын Жарнама департаменти менен биргеликте борбордогу көрнөк-жарнактарда "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын текшерди. Анын жүрүшүндө мыйзамдын талаптарын бузган учурлар аныкталып, айрымдары алынды жана эскертүү берилди.
Айта кетсек, мыйзамга ылайык, жарнамалар алгач мамлекеттик тилде, анан расмий, чет тилде жазылышы керек.