Нарын шаарында социалдык жардамга муктаж үй-бүлөлөргө 1 тоннадан көмүр бекер таратылууда. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн бүгүн, 20-декабрда билдиришти.
Маалыматка караганда, мындай жардам Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн жана облустагы көмүр ишканаларынын жардамы менен көрсөтүлүүдө. Учурда шаарда 150 тонна көмүр бар. Алардын баары муктаждарга бекер таратылат.