Ошто 2020-жылга чейинки диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу чаралары талкууланат

Ош шаарынын активи бүгүн, 22-декабрда КРнын Коргоо кеңеши тарабынан 2014-жылдын 3-ноябрында бекитилген 2014-жылдан 2020-жылдарга чейинки диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча документти талкуулайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага муфтий Максат Токтомушев, КРнын Президентинин алдындагы Дин иштери боюнча комиссиясынын жетекчиси Орозбек Молдалиев, Ош шаардык кеңешинин депутаттары, шаардык казыят, жергиликтүү мекеме-уюмдардын, аймактык кеңештердин, укук коргоо мекемелеринин өкүлдөрү катышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан