Бүгүн, 22-декабрда Бишкекте активисттер Бажы биримдигине кирүүнүн пайдасын элге туура жеткирүү максатында Ак үйдүн алдында акция өткөрүшүүдө. 10 чакты активисттин катышуусундагы иш-чара “Тынчтык, прогресс жана өлкөнүн өнүгүшү” деген ураан алдында өтүүдө.
“Таза оппозиция” кыймылынын башчысы Назарбек Нышанов Бажы биримдигине кирүү менен Кыргызстан үчүн ири рынокко жол ачыларын белгиледи. “Муну менен өлкөгө ири инвестициялар келе баштайт. Биз бүгүн Бажы биримдигине кирүүнүн пайдасы тууралуу элге жеткирүү максатында чогулдук”,- деп кошумчалады Н.Нышанов.
Андан тышкары катышуучулар Бажы биримдигинин ичинде “Алтын” валютасын киргизүүнү сунушташты.