Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-январда БУУ системинин туруктуу координатору, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр Аванесовду кабыл алды. Маалыматты президенттик аппараттан билдиришти. Жолугушууда Кыргызстан менен БУУ системинин кызматташтыгы, мунун ичинде өлкөдө ачык жана таза шайлоо өткөрүү, сот жана шайлоо системин реформалоо маселелери талкууланганы айтылды.