Кыргызстанда желим бөтөлкө жана целлофан баштыктарды колдонууга тыюу салуу демилгеленүүдө

Бүгүн, 19-январда Чыныбай Турсунбеков баштаган КСДПнын депутаттары Балыкчы шаарында Балыкчы шаарынын жана Ысык-Көл, Тоң райондорунун тургундары менен жолугушту. Жолугушууда жергиликтүү тургундар мугалимдердин айлыгын көтөрүү, “Ысык-Көл кемечилиги” мамлекеттик ишканасынын банкрот болушуна жол бербөө, Балыкчы шаарындагы ун комбинатынын менчиктештирилип кеткен тегирменин кайтаруу маселесин көтөрүштү.
Мындан сырткары административдик-аймактык реформа жүргүзүүдө жергиликтүү элдин көз карашы эске алынышы зарылдыгын белгилешти. 
Турсунбеков административдик-аймактык реформа жергиликтүү элдин макулдугу менен жүргүзүлүшү керектигин айтты. Депутат эл тарабынан көтөрүлгөн пластик бөтөлкөлөр менен целлофан баштыкчалардын ордуна экологиялык жактан таза кагаз баштыктарды жана айнек идиштерди колдонууга өтүү маселесин республикалык деңгээлде көтөрүүгө мезгил жеткенин билдирди. 
Депутаттар тургундар тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөрдү өкмөттүн астына коюуга убада беришкенин ЖКнын маалымат кызматы билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан