Кыргызстандын Адвокатурасына мүчөлүккө кабыл алуу 26-январда башталат

Юстиция министрлиги бүгүн, 19-январда Кыргызстандын Адвокатурасына мүчөлүккө кабыл алуу башталарын билдирди. Документтер 26-январдан тарта ар күнү саат 10:00дөн баштап Бишкек шаарынын Москва көчөсү-90, 2-кабат, 2-бөлмө дарегинде кабыл алынат. 

Керектүү документтердин тизмеси:

1. Белгиленген тартипте арыз (арыз берүүчү тарабынан кабыл алуучу жайдан толтурулат);

2. Паспорттун көчүрмөсү жана түп нускасы;

3. Лицензиянын көчүрмөсү жана түп нускасы;

4. 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт (түстүү, жылтырак эмес, көк фондо);

5. Кирүү акысына төлөнгөн квитанция.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан