Кыргызстанга жакында күйүүчү майы менен Казакстанда кармалып турган 120 вагондун келери күтүлүүдө

Кыргызстанга жакында күйүүчү майы менен Казакстанда кармалып турган 120 вагондун келери күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов билдирди. Маалыматка таянсак, кыргыз-казак чек арасында Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясына караштуу компаниялардын 245 вагону кармалган. Мындан тышкары "Кумтөр" компаниясына тийиштүү 80 вагон кармалып турат. 
120 вагонго байланыштуу маселе дээрлик чечилип калганы, калгандары боюнча кылмыш иши козголгону айтылды.  
Керимкулов вагондордун кармалып турушу өлкөнү бензин менен жетиштүү камсыздоого терс таасирин тийгизбегенин билдирет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан