Башкы прокурор Аида Салянованын эмгек өргүүсү аяктай элек

Башкы прокурор Аида Салянованын эмгек өргүүсү аяктай элек, анын милдетин башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмаматов аткарууда. Мекемеден SUPER.KG`ге билдиришкендей, башкы прокурор 23-декабрдан бери эмгек өргүүсүндө. 
Эскерте кетсек, былтыр декабрдын аягында башкы прокурордун отставкага кетүүгө арыз жазганы тууралуу маалымат тарап, бирок Башкы прокуратурадан "Аида Салянова кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты" деп билдиришкен эле. 27-декабрдагы жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев да анын кызматтан кетпегенин билдирген. "Башкы прокурорду да туура түшүнүү керек, чарчады. Эмгек өргүүсүнө чыгууга суранды, мен уруксат бердим",- деген өлкө башчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан