Соцфонддо 2013-жылы жалган документтер менен 10 миллион сом уурдалганы айтылды

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде 19-январда Кыргызстандын Социалдык фондунун 2013-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёту угулуп, жактырылды.

Соцфонд өкүлдөрүнүн айтымында, 2013-жылдын жыйынтыгында бюджеттин киреше бөлүгү 34 миллиард 650 миллион сомду, чыгаша бөлүгү 34 миллиард 22 миллион сомду, бюджет калдыгы (профицит) 628 миллион сомду түзгөн. Ички аудит жүргүзүүдө жалган документтердин негизинде 10 миллион сом уурдалганы тастыкталганы, акча толук кайра кайтарылып, айыпталуучулардын иши прокуратура органдарынын кароосуна жөнөтүлгөнү айтылды.

Жыйында Социалдык фонддун 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомолу жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору да жактырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан