Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети 20-январда балдарга болгон зордук-зомбулукту жана күч колдонуунун алдын алуу маселесин карайт. Муну бүгүн парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Бул маселе күн тартибинде каралган мыйзам долбоорлорунан сырткары каралары айтылды.
Белгилей кетсек, Чүй облусунда 2 жашар баланын сабалып, оор абалда ооруканага түшүшүнөн кийин балдарга болгон зомбулукка мамлекет жетекчилиги көңүл бурууга аргасыз болду. Президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жоомарт Оторбаев балдарды коргоого алууну күчөтүү керектигин билдиришти. Коомчулук да балдарды камкордукка алууну жакшыртуу үчүн активдүү үн кошууда.