Кытайлык инвесторлор Кыргызстанга логистикалык борбор түзүү долбоорун сунушташты

Бүгүн, 19-январда вице-премьер-министр Валерий Диль кытайлык "И Цзань Пу" жогорку технологиялар компаниясынын директору Уо Фенгди кабыл алды. Өкмөттөн билдиришкендей, инвесторлор өкмөттүн кароосуна соода-көргөзмө (логистикалык) борборун түзүү долбоорун сунуштады. Алардын айтымында, бул борбор визасыз же жөнөкөйлөштүрүлгөн визалык режимдүү эркин экономикалык аймак болот. Тактап айтканда, аталган логистикалык борбордо бизнесмендер Кытайдан келген товарларды көрүп, сатып алуу, буйрутма берүү тууралуу келишимге кол коё алышат жана аларды 3-4 күн ичинде колго ала алат. 

"Кыргызстандын бизнесмендери аталган технопарктын кызматынан колдонууда убактысын жана каражатын үнөмдөй алышат. Алар керектүү товар издөөсү үчүн Кытайдын шаарларын аралап отуруунун кажети жок. Бул борбордун кызматынан Кыргызстандын гана эмес, КМШ жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин бизнесмендери да пайдалана алышат. Долбоордо жалпысынан төрт борборду түзүү болжолдонууда: товарларды алмаштыруу, төлөө борбору, продукциялар кампасы жана технопарк”,- дейт Фенг.

Жолугушуунун аягында Диль өкмөт аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө аталган долбоорду инвесторлор менен бирдикте тыкыр иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан