Премьер-министр Жоомарт Оторбаев тарабынан айыл чарба жана мелиорация министринин 2015-жылкы иш милдеттери бекитилди. План өкмөттүн программасында коюлган максаттарды ишке ашыруунун алкагында түзүлүп, документте быйыл 3 суу чарба объектинин курулушун бүтүрүү жагы каралган. Аталган министрликтен билдиришкендей, алар төмөнкүлөр:
Кадамжай районундагы Бүргөндү массивинде ирригациялык жабдууларды куруу;
Ак-Талаа районундагы Ак-Сай дарыясында башкы суу тосмонун жабдууларын жаңылоо;
Кадамжай районундагы Кара-Кыштак - Боз каналын бүтүрүү.