Темир Сариев валюта алмаштыруучу жайлардын жабылышына каршы

Экономика министри Темир Сариев валюта алмаштыруучу түйүндөрдү жабуу боюнча Улуттук банктын демилгесине каршы. Бул пикирин ал бүгүн, 20-январда коомдук угуунун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, акча алмаштыруучу жайларды жабуу - иш жүргүзүүнү жөнгө салуунун эң акыркы кадамы. "Валюталык операцияларды жөнгө салуу үчүн керектүү чараларды колдонууга Улуттук банктын ыйгарым укуктары бар. Кыргызстан нефть, газга бай эмес. Жеке ишкерлер үчүн негизги ыңгайлуу шарт - либералдык мыйзам. Каржы рыногу сезимтал жана назик болот. Эч кандай дүрбөлөң болбош керек. Мындан улам акча алмаштыруучу түйүндөрдүн спекулятивдик иш-аракеттерин катуу көзөмөлдөөсүн колдойбуз",- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан