Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 20-январда жыл жыйынтыгы боюнча журналисттерге маалымат берүүдө. Өкмөт жетекчиси өлкөдө 2015-жылы күтүлүп жаткан башкы саясий окуяларды атады, алар: Жогорку Кеңешке шайлоо жана өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болуп кирүүсү. Жоомарт Оторбаев 2014-жыл оор болгонун, бирок ага карабай өкмөттүн реформа жасоону улантып жатканын кошумчалады. "Бардык тармактар боюнча реформалар жүрүүдө",- деди премьер.